Дүйнөлүк экономикалык форум (World Economic Forum, WEF) жыл сайын түзүп турган дүйнөлүк атаандаштык рейтингинде 141 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 96-орунду ээледи.
Өткөн жылы бул рейтингден 140 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 97 – орунду ээлеген.
Евразия экономикалык союздун катарындагы мамлекеттердин көрсөткүчү төмөндөгүчө болгон:
- Казакстан — 55 - орун (2018- жылы — 59 орун),
- Орусия — 43 - орун (43 - орун )
- Армения — 69 – орун (70- орун).
Белорусия рейтингге кирген эмес. Кошуна өлкө – Тажикстан өткөн жылы 102 – орунду ээлесе, бул жылы 104 – орунга чыккан. Кытай өткөн жылдагы рейтингин сактап, быйыл дагы 28 – орунда турат. Өзбекстан аталган рейтингтин тизмесине кирген эмес.
Дүйнөлүк атаандаштык рейтингин түзүү – жашоо-шартты жогорулатууга багытталган факторлордун бири болуп саналат. Башкаруу органдары акча-насыя саясаты менен чектелип калбашы керек, саясаттын башка багытын дагы карап көрүү зарыл. – деп жазылат докладта.