Санарип телеберүү смартфонуңда: MegaCom жаңы MePlay кызматын ишке киргизди

02.06.2020, 17:57 Акчабар
Санарип телеберүү смартфонуңда: MegaCom жаңы MePlay кызматын ишке киргизди

2020-жылдын 1-июнунан тартып MegaCom компаниясы MePlay жаңы кызматын ишке киргизди. Бул кызматты кошуу менен сиз мобилдик тиркеме аркылуу санарип телеберүүсүн трафиктик көлөмдү чектебей көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.

MePlay – каалаган убакта, каалаган жайда мобилдик тиркеме аркылуу сүйүктүү берүүлөрүңүздөрдү көрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт. Ошону менен катар эле тасмаларды, спорттук, көңүл ачуучу, балдар үчүн телеберүүлөрдү тандоого шарттар бар!

Балдарды коргоо күнүнүн урматына компания өзүнүн абоненттерин бонус менен кубандырды: 2020-жылдын 1-июнунан тартып 30-июнга чейин «Детский» топтомун кошууда жаш көрүүчүлөр арасында эң популярдуу болгон «Баластан», Disney channel, «СТС Kids», Nickelodeon, Nick Jr, «Мульт», Cartoon Network, «Илим-Билим» жана башка телеканалдарга акысыз жетки берилет.

MePlay’ди колдонууга киришүү үчүн:

  • Телеканалдар топтомун тандап кошуңуз:
    • Light (50 канал) - *717*1#. Топтом боюнча абоненттик төлөм күнүнө 3 сом.
    • Basic (80 канал) - *717*2#. Топтом боюнча абоненттик төлөм күнүнө 5 сом.
    • Premium (150 канал) - *717*3#. Топтом боюнча абоненттик төлөм күнүнө 7 сом.
    • Детский - *717*4# - 2020-жылдын 1-июлуна чейин АКЫСЫЗ.
  • MePlay тиркемесин App Store же Google Play’ден жүктөп, акысыз орнотуңуз.
  • тиркемени ишке киргизип, MegaCom номериңизди 0XXXхххххх форматында жазып, ага чейин SMS болуп келген паролду жазыңыз.
  • Телеберүү, тасмаларды көрүү менен ырахаттаныңыз!

MePlay’ди көрүп жаткан учурда интернет-трафик коробойт. MePlay’ди MegaCom’дун бардык тарифтик планында кошууга болот.

Кененирээк маалымат MegaCom’дун расмий сайтына жарыяланды.

* 01.07.2020дан тартып кызмат белгиленген тарифке ылайык көрсөтүлөт.

Тэги: MePlay MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть