MegaCom жыштык сатып алуунун эсебинен 2021-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетин 763 миллион сомго толуктады

01.11.2021, 16:50 Акчабар
MegaCom жыштык сатып алуунун эсебинен 2021-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетин 763 миллион сомго толуктады

MegaCom жыштык сатып алуунун эсебинен 2021-жылы Кыргыз Республикасынын бюджетин 763 миллион сомго толуктады

2G/3G/4G түйүндөрүнүн каптоосу боюнча Кыргызстандагы алдыңкы операторлордун бири болуп саналган MegaCom жыштык потенциалын өстүрүүгө басым жасап келет.

2021-жылы компания инфраструктураны модернизациялоо жана түйүндүн сыйымдуулугун кеңейтүү боюнча стратегиялык пландарды ийгиликтүү ишке ашыра алды. Март айында мобилдик оператор КРдин Мамлекеттик байланыш агенттигинин 2 онлайн-аукционунда жеңишке жетишти. Тооруктун жыйынтыгында «Альфа Телеком» эки жыштыкты сатып алды (2300-2340 МГц жана 2380-2400 МГц). Бул болсо, өз кезегинде, компаниянын 7 облуста тең байланыштын сапатын жакшыртуусуна мыкты мүмкүнчүлүк болду десек жаңылышпайбыз.

Үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында «Альфа Телеком» ЖАК жыштык диапазонун дагы 60 МГцке кеңейтти. Сентябрдагы ачык онлайн-аукциондун жыйынтыгы менен Бишкек шаарында колдонууга мүмкүндүк берген LTE стандартындагы 40 МГц (2300-2340 МГц) көлөмдөгү, коммерциялык жактан жагымдуу радиожыштык ресурсуна ээ болду. 29-октябрда борбор калаада 4G/LTE каптоо түйүнүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген тилкеси 20 МГц (2340-2360 МГц) болгон жыштыкты MegaCom вице-жеңүүчүнүн укугунда сатып алды (жеңүүчү компания лотту сатып алуудан баш тарткандыгы үчүн).

2021-жылы «Альфа Телеком» ЖАК радиожыштыктарды сатып алуулардын натыйжасында республикалык бюджетти 763 миллион сомго толуктады.

«Ар бир мегагерц MegaCom үчүн − телекоммуникациялык кызматтардын атаандаштык рыногунда позицияны бекемдөөчү, түйүндүн географиясын кеңейтүүчү жана техникалык потенциалын өстүрүүчү баалуу ресурс болуп саналат, − деп белгиледи онлайн-тооруктардын жыйынтыгында «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов. − MegaCom Кыргыз Республикасынын борбор калаасында жана өлкө аймагында байланыш сапатын мыктылоо үчүн жаңы жыштык диапазонун колдонууну көздөйт. Жакынкы келечекте бул ресурстар жогорку технологиялык стандарттагы 5G байланыш түйүнүн республикада алгачкылардан болуп киргизүүгө өбөлгө түзө алат».

MegaCom'дун жетекчилиги белгилегендей, ата мекендик байланыш оператору инновациялык тарифтерди жана кызматтарды ишке киргизүү менен, техникалык инфраструктураны өнүктүрүп, эң башкысы, компаниянын миссиясын аткарууга − ар бир абоненттин негизги өнөктөшү катары алардын жашоосун максималдуу түрдө ыңгайлуу, жогорку технологиялуу жана мобилдүү кылууга болгон күч-аракетин жумшамакчы.

Тэги: MegaCom Республикасынын бюджетин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть