Бүгүнкү күндө Нарынга 150 кычкылтек концентратору керек

17.07.2020, 16:00 Акчабар
Бүгүнкү күндө Нарынга 150 кычкылтек концентратору керек

Нарын облусунда бир айлык запас үчүн 150 кычкылтек концентратору жетишсиз.Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, акыркы 10 күндүн тегерегинде облуска 177 кычкылтек концентратору келип түшкөн. Анын 20сы Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген, калган 157си ишкерлер жана кайдыгер эмес жарандар тарабынан алынып, район жана облустук ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.

«Облуста өпкөнү жасалма дем алдыруучу 27 аппарат бар, 17 ИВЛ аппараты жетишсиз болчу, учурда демөөчүлөр тарабынан алынган бир аппарат келди. Бул багытта да иштер уланууда. Бир айлык запас үчүн бизге дагы 150 кычкылтек концентратору керек болууда. Бүгүн Бишкектен Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 30 кычкылтек концентратору, бир тез жардам унаасы жана 80 даана пульсоксиметр келет», - деп кошумчалады ал.

Тэги: Нарын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть