Президент “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун иши менен таанышты

26.09.2019, 16:38 Акчабар
Президент “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун иши менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда, Жети-Өгүз районуна караштуу Тилекмат айылындагы “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин Аппараты маалымдайт.

Президент кийиз, булгаарыдан өндүрүлүп жаткан товарларды жана экологиялык жактан таза айыл-чарба продукцияларын көрүп жатып, ар бир айыл аймагы жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү үчүн колдогу мүмкүнчүлүктөрдү колдонсо болот деп билдирди.

Биз элеттеги ишкерлерди колдоо үчүн чоң көңүл бурабыз. Бардык финансы, насыя жана бюджет саясаты региондорго каралган. Өлкөдө региондорду көтөрөм деген инсандар абдан көп, аларга колдоо керек. Учурда ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз”, – деп билдирди.

Тэги: президент Бир айыл бир продукт Жети-Өгүз Тилекмат айылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть