Президент Бишкекте ачылган күндүзгү стационарга барды

08.07.2020, 17:30 Акчабар
Президент Бишкекте ачылган күндүзгү стационарга барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-июлда, Бишкек шаарындагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү максатында жарандарды кабыл алууга ачылган күндүзгү стационарга барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаада мындай төрт стационар иштеп жатат, дагы бешөө ачылууда.

Бул алардын бирөөсү, мында жарандар алгачкы медициналык жардам жана консультация алуу үчүн кайрыла алышат.

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бириктирилген Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева жарандарды кабыл алуунун, алгачкы жардам көрсөтүүнүн бардык шартын айтып беди. Бейтаптардын ыңгайы үчүн стационардын аймагында аптека дагы иштеп жатканын билдирди. Ал күндүзгү стационарлар жаңы түзүлгөндө болгон кемчиликтердин баары иликтенип чыкканын белгилеп, илдетти жеңип чыгаарыбызга ишенимин билдирди.

Мунаркан Өмүралиева стационарларда врачтар бардык зарыл нерселер, анын ичинде жеке коргоочу каражаттар менен камсыздалганын маалымдады.

Дарыгерлер менен баарлашууда Президент Сооронбай Жээнбеков борбор калаада стационарлар өз маалында ачылгандыгын белгиледи, анткени буга чейин жарандар медициналык кеп-кеңеш жана алгачкы жардамга муктаж болуп, эл арасында тынчсыздануу жаралган.

Тэги: президент Бишкек стационар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть