Президент: “1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйөт”

25.09.2019, 11:46 Акчабар
Президент: “1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйөт”

«Баарыбыз биргеликте аксап жаткан билим берүү тармагын оңдошубуз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ант берүү аземинде.

Мамлекет башчысы Каныбек Исаковду куттуктап, берген анттын зор маанисин сезе билип, эл-жерибизге, кыргыз мамлекетине жан дили менен, ак кызмат кылуусун каалады.

«Буга чейин билим берүү министрлигине сын-пикирлер арбын айтылып келди. Билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басып чыгаруунун кемчиликтерине нааразылыктар көп болду. Бул тармакка бөлүнгөн акча каражаттары жылдан жылга көбөйүп жатат. 1-октябрдан тартып мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйөт. Бирок, билим берүү тармагына каражат көбөйгөнү менен, тилекке каршы, эл талап кылгандай, абал оңолуп кеткен жок. Бул министрликтин жетекчилигинин аракети, адамдык фактордун абдан көп таасиринен болуп жатат. Ошондуктан, жаңы министрдин жоопкерчилиги, ага артылган жүк жана ишеним чоң», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал министрдин тажрыйбасы бар, билим чөйрөсүн тереӊ түшүнөт, буга чейин мыкты иштеген деп белгилеп, жакшы иштеп берерине үмүтүн билдирди.

«Бирок, ишти оңдоп кетүү жалгыз министрдин колунан келбейт. Билим берүү тармагы улуттун жана өлкөнүн келечегин аныктайт, билим менен гана жаркын келечекти курабыз. Ошондуктан бир адамдан үмүттөнүп, четте карап отурбай, баарыбыз чогуу бул тармакты, биргеликте оңдошубуз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал жаңы министрге жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Тэги: президент мугалимдердин айлыгы 30%

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть