Президент облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

06.07.2020, 15:35 Акчабар
Президент облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады

«Азыр айрымдар катуурак карантин тартибин киргизүүнү сунуштоодо. Кырдаалга байланыштуу Республикалык штаб сунуштарды киргизүү керек. Азыркы кырдаалда облустар ортосундагы транспорттук каттамдары токтотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштайбыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Жыйын видеоконференция форматында өттү.

«Калктын саламаттыгы менен экономикалык коопсуздугун таразага салганда, биз карантинди жарыялап, өзгөчө абал режимин чыдамкайлык менен сактадык. Бул режим алынган соң, ооругандар кескин көбөйдү жана коронавирустун айынан көптөгөн биздин жарандар пневмониядан жабыр тартууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек шаарында илдетти жугузуу көбөйгөндүктөн, кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилгенин эске салды.

Мамлекет башчысы ошондой эле буга чейин той-топурларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуш киргизгенин эске салып, Республикалык штабды бул маселе боюнча өзүнүн так көз карашын билдирүүгө чакырды.

«Мен Жогорку Кеңештин жыйынында ар кандай массалык салтанаттуу иш-чараларга расмий түрдө тыюу салуу боюнча кайрылдым эле. Менимче, республикалык штаб бул маселе боюнча өзүнчө расмий чечим кабыл алса туура болот», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы бардык ооруканаларда жана обсервацияларда койко-орундардын санын көбөйтүү керектигине көңүл бурду. Зарылдык жаралса бейтаптарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча орундарды түзүүнү кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында бардык иш-чаралар өз маалында жана артыкчылыктуу тартипте каржыланышы керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Тэги: президент облустар аралык транспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть