РКӨФ Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жаңы насыя продукту түзүп чыкты

18.05.2020, 17:00 Акчабар
РКӨФ Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жаңы насыя продукту түзүп чыкты

Коронавирус пандемия (COVID-19) маалында Россия-Кыргыз өнүгүү фонду кризистик көрүнүштү кыскартуу максатында, экономикага салым кошкон чараларды иштеп чыкты. Экономиканын ар кайсы тармактарындагы кластердик өнүгүүнү даярдоонун жана инициализациялоонун максатында.

Фонд түзгөн жаңы насялык өнүм айыл чарбага багытталган.

Алар төмөнкү багыттарды камтыйт:

- сут азыктарын өнүктүрүү багыты;

- эт азыктарын өнүктүрүү багыты;

- аквакультураны өнүктүрүү багыты.

Чындыгында, ушул тармактардын ар бири үчүн, өндүрүш чынжыры толугу менен камтылган.

Ушуга байланыштуу, насыя продуктулары мал сатып алуу, көчөт запастарын, жабдууларды жана техникаларды, өндүрүштүк объектилерди, курулуш-монтаждоо жумуштарын, реконструкциялоо катары берилет. Ошондой эле жүгүртүү каражаттарын толуктоону камтыйт. Мындан тышкары тоют өндүрүүчүлөр үчүн дагы мүмкүнчүлүктөр бар.

Жаңы кластердик продуктулардын артыкчылыктары:

- карыздын негизги суммасын кайтаруу үчүн узак мөөнөттүү жеңилдетилген мезгил - 36 айга чейин;

- төмөн пайыздык чендер;

- максаттарга жараша насыянын узак мөөнөттөрү - 5 жылдан 7-10 жылга чейин;

- күрөөгө коюу үчүн ыңгайлуу шарттар.

Инвестициялык долбоордун чегинде чийки заттарды (анын ичинде биологиялык чийки заттарды), тоюттарды, запастык бөлүктөрдү, материалдарды, ветеринардык дары-дармектерди, витаминдерди, башка материалдарды жана кызматтарды сатып алуу үчүн жүгүртмө капиталды толуктоо мүмкүнчүлүктөрү өзгөчө учурларда, кайра каржылоо компонентин камтышы мүмкүн.

Жаңы насыя продуктулары түздөн-түз каржылоо жолу менен (түз Фонд тарабынан), ошондой эле өнөктөштөрүбүз - коммерциялык банктар жана МФУ аркылуу берилиши мүмкүн.

Айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жаңы кластердик насыя шарттары, өлчөмү, валютасы, кайтарып берүү схемасы, пайыздык чен, күрөө жагынан бир кыйла жеткиликтүү болуп калды.

Тэги: Россия-Кыргыз өнүгүү фонду айыл чарба НАСЫЯ ПРОДУКТУ РКӨФ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть