Россия мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин өзгөртпөөнү сунушташы мүмкүн

27.05.2020, 15:30 Акчабар
Россия мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин өзгөртпөөнү сунушташы мүмкүн

Июнда өтө турган ОПЕК+ жыйынында Орусия азыркы мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин калтырууну сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити мунай тармагындагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Апрелдеги макулдашууга ылайык, майдан июлга чейин ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн суткасына дээрлик 9,7 миллион баррелге кыскартышы керек. Андан соң 2020-жылдын аягына чейин өндүрүш көлөмүн суткасына 8 миллион баррель, 2021-жылдын май айына чейин 6 миллион баррель деңгээлинде кармап туруу сунушталган.

Макулдашуу шарттарына ылайык, Москва мунай өндүрүшүн май-июнь айларында суткасына 8,5 миллион баррелге кыскартат. Басылманын маалыматына караганда, ушу тапта Орусиянын Энергетика министрлиги бул квотаны дагы эки ай күчүндө калтыруу маселесин талкуулап жатат.

Эске сала кетсек, ОПЕК+ мүчө өлкөлөр мунай казуунун көлөмүн 10 млн баррелге чейин кыскартуу чечимине келишкен.

Тэги: Россия мунай өндүрүү Коммерсант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть