Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну көздөйт

23.01.2020, 10:45 Акчабар
Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну көздөйт

Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну көздөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

«2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд 989,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100%га же 10,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2018-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн», - деди ал.

Ал белгилегендей, 2020-жылы Салык кызматынын алдында 93,7 млрд сом салык чогултуу милдети турат.

«Салык кызматы 2019-жылы 32 млрд 432,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8 млрд сомго көп. Үстүбүздөгү жылы Салык кызматынын алдында 35,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо милдети турат», - деди Абдалиев.

Тэги: салык кызматы 2020 - жыл млрд сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть