Бажы кызматы Исабеков Саматтын интервьюсу боюнча жообун берди

04.12.2019, 15:46 Акчабар
Бажы кызматы Исабеков Саматтын интервьюсу боюнча жообун берди

2019-жылы 3-декабрда «Kloop.kg» жана «Азаттык» интернет-басылмалары «Көмүскө курьерлер. Миллиондогон долларлар кантип Кыргызстандан ташылып чыгууда» аттуу макаласын жарыялашкан. Бул макалада бажы кызматынын мурдагы кызматкери Исабеков Саматтын интервьюсу берилген, анда ал: «Бардыгы буга көз жумушкан. «Манас» аэропортунан акча туруктуу чыгып турганын биз өз көзүбүз менен көргөнбүз. Биз жазаган видео, буга далил боло алмак» деп айткан.

Буга байланыштуу бажы кызматы өзүнүн расмий комментарийин берди.

Анда: «ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, Бирликтин бажы аймагына бир жолку киргизилишиндеги же Бирликтин бажы аймагынан бир жолку чыгарылышындагы накталай акча каражаттарынын жана (же) жол чектеринин жалпы суммасы бажы органына жүргүнчүнүн бажы декларациясын тапшырган күндөгү валюталар курсу боюнча эсептелген 10 000 АКШ долларынан аша турган болсо мындай накталай акча каражаттары жана жол чектери бажылык декларацияланууга тиешелүү.

Ушуну менен бирге кандайдыр бир бажы төлөмдөрүн төлөө ЕАЭБдин бажы мыйзамдары менен каралган эмес, буга байланыштуу макаланын “өлкөнүн бюджети бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн жоготту» деген оюн берүүсү чындыкка дал келбейт.

Бул учурда, маселенин башка жагы бажы кызматынын мурдагы кызматкери С.Исабеков бажы кызматында жетишээрлик убакыт иштеп, ушундай жөнөкөй ченемдерди билбей, коомчулукту атайын адаштырып жатканы таң калтырат», - деп жазылат.

Тэги: интервью Исабеков Самат бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть