Саймаити кыргыз бажысындагы көмүскө империя тууралуу өзү ММКга айтып берген

22.11.2019, 11:59 Акчабар
Саймаити кыргыз бажысындагы көмүскө империя тууралуу өзү ММКга айтып берген

Үстүбүздөгү жылдын май айында Азаттык жарыялаган Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу дагы төгүндөлгөн маалымат чыкты. Анда бул суммада жеке катыштыгы бар болгон, ушул жылдын ноябрь айында Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити «Азаттык», Kloop жана OCCRP маалымат басылмаларына, Кыргызстандын бажысындагы коррупциялашкан схема тууралуу бир катар документтерди берип кеткенге үлгүргөн.

Саймаитинин айтуусунда, Кыргызстанда жүк ташуу боюнча көмүскө империя курулган. Алар бир нече жылдар бою Кытайдан келген товарлардын бажы салымдарын төлөбөстөн Казакстан жана Россияга экспорттоп турушкан. Бул “империяны” Хабибула Абдыкадыр аттуу ишкер башкарып турган. Хабибула менен Саймаити экөөсүнүн ортосунда кийинчерээк жаңжал чыгып, Саймаити Тажикстан аркылуу Турцияга качып кетет. Ал Турциядан жарандык алууну көздөп жүргөн, себеби Интерпол аны Кытайга депорт кылып жиберүүсү толук мүмкүн болчу.

«Мен бул документтер аркылуу көп нерсени билдим – менин ишкерлигим тууралуу, акчаларды түрдүү жол менен ар кайсы өлкөгө которгон, коррупцияга баткан адамдар тууралуу биле алдым. Бардык акчалар менин колумда болчу. Мен бардык акчаны каткам жана канчасы бажы төлөмдөрүнө, канчасы жүк ташууга жана бажы кызматкерлерине канча төлөнө тургандыгы тууралуу бардыгын көзөмөлгө алчумун. Бардык документтер менин колумда болчу», — деп билдирет Саймаити.

Ар бир ташылган жүк үчүн аткаминерлер 4.6 миң доллардан 5 миң долларга чейин алышчу. Эгерде анын баарын эсептесек, бир айда 600 оор жүк ташуучу унаа бажыдан өтөт, алардын түшкөн сумма 3 млн долларды түзөт. Саймаитинин айтымында, бул сумманы ар түрдүү Кыргызстандын аткаминерлери бөлүштүрүп алышчу, себеби алардын тийиштиги жок мынча жүк бажыдан жөн өтө албайт эле.

«Мисалы, кездемедеги бажы төлөмдөрүнүн баасы арзан 50 цент, кийим жана бут кийимдики кымбат – 3 $ түзөт. Алар документке кездеме келди деп жазып коюшат, бирок факт боюнча телефон же башка товарлар болушу мүмкүн. Бул схема аркылуу соодадагы атаандаштарды оңой эле артка түртуп салууга болот», — деп айтат Саймаити.

Журналисттер менен байланышып жатып, Айеркен Саймаити мурунку бажы башчысы Райымбек Матраимовдун атын бир эмес, бир нече жолу айтат. Андан сырткары, которулган акчаларды далилдей турган бир топ далилдерди кагаз жүзүндө көрсөткөн. Ал эми Саймаити Хабибула Абдукадыр, Матраимовдор менен мамилесин үзгөн соң, Турцияда башка кылмыштуу топтун акчаларын чыгаруу менен алектенип келген.

Тэги: Сайимати мыйзамсыз миллион Бажы Матраимов аткаминер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть