Стамбул-Бишкек каттамы менен 29-июлда Кыргызстанга кайтчу жарандарга кулактандыруу

27.07.2020, 09:06 Акчабар
Стамбул-Бишкек каттамы менен 29-июлда Кыргызстанга кайтчу жарандарга кулактандыруу

Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Стамбул-Бишкек каттамы менен мигранттардын дагы бир тобу Кыргызстанга кайтат. Кыргызстандыктар «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бишкеке учуп келишет.

Ага байланыштуу КРнын Түркиядагы элчилиги төмөнкүлөрдү билдирет:

Анкарадагы элчиликтин жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун тизмелериндеги жана башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн авиабилеттер тиркемеде көрсөтүлгөн резервация коддоруна ылайык, «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын Анкара шаарындагы (борбордук кеңсе) жана Стамбул шаарындагы (Таксим жана Кадыкөй районундагы) кеңселеринде сатылат. Ошондой эле авиабилеттерди 2020-жылдын 28-июлунда түздөн-түз Стамбул эл аралык аэропортунан сатып алууга болот. Авиакомпаниянын кеңселеринде билеттердин баасы аэропортко салыштырмалуу жогору болорун эскертебиз.

Башка өлкөлөрдөн келе жаткан жарандар үчүн резервация коду: Жүктөө

Элчиликтин тизмесиндеги жарандар үчүн резервация коду: Жүктөө.

Тэги: Стамбул-Бишкек каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть