Афганистандагы экономикалык туруктуулук жана тынчтыкты орнотуу боюнча маселелер талкууланды

01.07.2020, 09:40 Акчабар
Афганистандагы экономикалык туруктуулук жана тынчтыкты орнотуу боюнча маселелер талкууланды

30-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Борбордук Азия + АКШ» (С5+1) кызматташтык форматындагы жогорку деңгээлдеги онлайн жолугушууга катышты.

Маалым болгондой, жолугушууга Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысы катышкан.

Жолугушууда Афганистандагы экономикалык туруктуулукту жана тынчтыкты орнотууну камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкууланган.

Министр Айдарбеков Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү жана АКШ менен соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташуусун күчөтүүнү сунуштады.

«Ч. Айдарбеков региондун транзиттик дараметин өнүктүрүүгө көңүл бурду. Эл аралык автомобиль жана темир жолдорун кеңейтүүнүн, логистикалык борборлордун жана транспорттук терминалдардын, ошондой эле үзгүлтүксүз эл аралык транзитти камсыздоо үчүн инфратүзүмдү модернизациялоонун приоритеттүүлүгүн баса белгиледи. Борбордук Азия регионун дүйнөлүк базарлар менен байланыштыра турган транспорттук-коммуникациялык сектордогу ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи», - деп жазылат маалыматта.

«С5+1» форматындагы өлкөлөрдүн делегациялары Кыргызстанда өтүүсү пландалган экономикалык багыттагы бир катар эл аралык иш-чараларга катышууга чакырылды.

Тэги: Кыргызстан тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Борбордук Азия + АКШ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть