Талас облусуна мунайды кайра иштетүүчү завод куруу сунушталды

22.02.2021, 10:30 Акчабар
Талас облусуна мунайды кайра иштетүүчү завод куруу сунушталды

Талас облусунун «Маймак» эркин экономикалык аймагына мунай иштетүү заводун куруу сунушу берилди. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалат.

Мунайды кайра иштетүү заводун куруу идеясын инвестициялык саясат боюнча жыйында «Темирлан-Ойл» ААКтын башкы директору Мухит Оразбаев билдирди. Оразбаев Казакстандын Кумкөл кениндеги чийки мунайдын негизинде завод курууну сунуш кылды. Ошондой эле, анын айтымында, долбоор ишке ашса, завод үчүн жабдуулар Германиядан сатылып алынат.

Тараптар мунай өндүрүү технологиясынын деңгээлин көтөрүү боюнча инвестициялык саясатка канааттандырарлык деген баа беришип, инвестициялоо шарттарын мындан ары өркүндөтүү боюнча бир пикирге келишти.

Тэги: Маймак ЭЭА президент Мухит Оразбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть