Улуттук банкта алтын куймалар калбай калды

08.07.2020, 14:10 Акчабар
Улуттук банкта алтын куймалар калбай калды

5, 10 жана 31 грамм салмактагы алтын куймаларын сатуу жүгүртүүдөн алынып салынгандыгы тууралуу Улуттук банк 8-июль күнү, эртең менен билдирген. Анын себеби, суроо-талаптын жогору болушу менен шартуу болгон. Кайрадан сатыкка 2020-жылдын экинчи жарымында запастары толукталгандан кийин кана кайрадан улантылат. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банктан билдиришти.

«Азыркы учурда Улуттук банктын ченелген куймалары калк арасында абдан популярдуу, айрыкча 5, 10 жана 31 грамм салмактагы орто өлчөмдөгү куймалар. Ал эми сатып алуу механизми алтынды дагы эле издөөгө альтернатива болуп калды жана тазаланган куймаларга жогорку өтүмдүүлүктү камсыз кылды», - деп белгиледи Улуттук банк.

Маалымат үчүн: тазаланган алтын куймасы - валюта рыногундагы туруксуз жагдайда акча топтоо тобокелдигин диверсификациялоого жана сактыкты инфляциялык таасирден сактоого мүмкүнчүлүк берген банк продуктусу болуп эсептелинет.

Тэги: алтын куйма сатуу Улуттук банк запас Акчабар Улуттук банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть