Сузакта жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

25.09.2020, 14:21 Акчабар
Сузакта жаңы калкты тейлөө борбору ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаңы калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жаңы ачылган калкты тейлөө борборунда маалымат алуу бөлүмү, күтүү залы каралып, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

«‎Калкты тейлөө борборунда калкты каттоо, паспорт берүү бөлүмү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, банк кассасы, нотариус, сүрөт жана көчүрмө кызматтары бар. Жарандар керектүү документтерин калкты тейлөө борборунан чыкпастан топтой алышат. Сузак районунун 300 миңден ашык калкына 36 каттоо кызматы көрсөтүлөт. Мындан мурда паспорт берүү, жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү, ошондой эле банк кассасы, нотариус башка жерлерде жайгашып, жарандарга ыңгайсыздык жаратып келген»‎,- деп билдирет Каттоо кызматы.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть