Ысык-Көлдүн Ак-Булак айылынын 2 миңден ашык тургуну таза суу менен камсыз болот

04.08.2020, 10:49 Акчабар
Ысык-Көлдүн Ак-Булак айылынын 2 миңден ашык тургуну таза суу менен камсыз болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Булак айылынын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болгонун президенттин аппаратынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Ак-Булак айылындагы таза суу менен жабдуу тутумунун курулушу боюнча долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты.

«Коронавирус илдети пандемиясынын кесепетинен өлкө туш болгон экономикалык кыйынчылыктар калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт», — деп белгиледи президент.

Долбоор ушул жылдын октябрында аягына чыгат деп пландаштырылган. Сооронбай Жээнбеков ошондой эле калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригациялык тутумдарды жакшыртуу боюнча улуттук программалар анын президенттик ишмердүүлүгүнүн башкы багыттарынын бири болуп саналаарын эске салды.

Азыркы учурда курулуш иштеринин 59% аткарылган, бир катар көчөлөргө 3 миң 700 метр суу түтүктөрү жана бир трансформатор орнотулду. Ноябрь айында долбоордун бүткөрүлүшү менен айылдын 2 миңден ашуун тургуну таза суу менен камсыз болот.

Тэги: Ысык-Көл облусу Таза суу Ак-Булак айылы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть