Зилалиевдин ишине байланышкан сотко күбө катары «Оптима банктын» мурдагы юристи сурак берди

02.10.2019, 17:28 Акчабар
Зилалиевдин ишине байланышкан сотко күбө катары «Оптима банктын» мурдагы юристи сурак берди

Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 2-октябрда, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз байыгандыгы боюнча кылмыш ишин кароо улантылып жатат.

Сот аткаруучу Алмаз Койлубаев.

Сотко күбө катары «Оптима Банктын» мурдагы юристи Ж.К. төмөндөгүлөрдү билдирди:

«Бүгүнкү күндө мен банкта иштебеймин. «Оптима банкта” юрист катары 2016 – жылдын апрель айынан баштап, 2019 – жылдын сентябрь айына чейин иштедим. Иш ордумду жакында гана алмаштырдым. Д. Зилалиевге таандык банктык дүмүрчөктөрдү ачууда коопсуздук башкаруу кызматынан эч ким болгон эмес. Мен юрист болгонума байланыштуу, мени комиссиянын мүчөсү ктаары кошушкан. Биз комиссия катары думүрчөктү ачуу ишин караганбыз. Башка камера жок болгондуктан, менин өздүк телефонума бардык процедуранын жүрүшүн тартууга туура келген. Видео тартылып бүткөн соң, видео банкка таандык флэшкага өткөрүлуп берилген жана менин телефонумдан видео өчүрүлгөн. Банктык дүмүрчөктө 800-900 миң доллар акча каражаты чыккан. Адистер акчаны санап бүткөн соң, флэшка менен чогуу акчаны мүшөккө салышып, мөөр бастырып бекитишкен. Андан соң, эмне болгонун билбейм. Комиссия катары филиалдын директору, 2 адис жана бухгалтер катышкан. Бул акчалар кайдан келип түшкөндүгү тууралуу маалымат жок.»

Адвокат Юлия Богданованын күбөдөн юрист катары дүмөрчөк ачылган убакта кандай кадамдар жасалышы керектиги тууралуу сурады.

«Дүмүрчөктү ачуу коопсуздук кызматкерлеринин коштоосу менен болушу керек. Ал күнү коопсуздук кызматкерлер жок болгондуктан, мен телефонго тартууга туура келген. Бардыгы мыйзам чегинде болгон», - деп жооп берди.

Андан сырткары күбө, адвокаттын суроолоруна жооп берип жатып, дүмүрчөктөгү акчанын баары комиссиянын көзүнчө саналганын, ал видеого дүмүрчөк ачылгандан баштап тарта баштаганын, тийиштүү акт түзүлгөнүн айтты.

Тартылып алынган видеону, күбө өзүнүн жумушун жакшы билген адис катары интернет айдыңына таркатпаганын билдирди. Видео банктын компьютерине өткөрүлүп берилгенден кийин, өзүнүн телефонунан дароо өчүргөнүн бир нече ирет кайталады.

Ал эми интернет айдыңына таркап кеткен Зилалиевдин байлыгы делген видео кандайча чыгып кеткендиги тууралуу сураганда, күбө ал видео ММКлар жазылып чыккандай, УКМК кызматкерлери тарабынан издөө учурунда табылган деген жообун берди.

Тэги: Зилалиев соттук иш Оптима Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть