Аалиев: Бизге мамлекеттик кызмат көсөтүү сапатын жогорулатууга жөндөмдүү санариптик секирик керек

18.02.2022, 17:35 Акчабар
Аалиев: Бизге мамлекеттик кызмат көсөтүү сапатын жогорулатууга жөндөмдүү санариптик секирик керек

Бизге экономиканы, инновацияны өнүктүрүүгө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга жөндөмдүү санариптик секирик керек, - деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга милдеттери боюнча коллегиялык жыйынында.

Ал санарип экономика бардык мамлекеттердеги жаңы парадигма жана жаңы реалдуулук экендигин белгиледи.

«Жаңы реалдуулукка секирик жасоо үчүн биз заманбап технологиялык инструменттерди колдонуу менен жаңыча ой жүгүртүшүбүз керек», - деди Аалиев.

Анын айтымында, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жаткан бир катар олуттуу маселелер бар.

«Андыктан быйыл өлкөнү санариптештирүү иштерин күчтөндүрүү зарыл. Жарандарды каттоо жана документтештирүү маселелерин бир топ жөнөкөйлөтүү зарыл. Буга чейин токтом кабыл алынган, ага ылайык айыл өкмөттөрүндө жарандарга документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүлөт. Мындан тышкары, ар кандай маалымдама түрлөрүн талап кылууну четтетүү боюнча олуттуу иштерди жүргүзүү маанилүү, мамлекеттик органдардагы бизнес-процесстер электрондук форматка өтүшү керек», - деди ал.

Коллегиялык жыйындын соңунда бир катар тапшырмалар берилди.

Тэги: инновацияны өнүктүрүү санарип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть