Абиров: Экология үчүн деп төлөп жаткан каражаттардын көлөмү 100 млн сомго чамалайт

21.02.2022, 16:32 Акчабар
Абиров: Экология үчүн деп төлөп жаткан каражаттардын көлөмү 100 млн сомго чамалайт

Айлана–чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөм катары Бишкек шаарынан чогулган миллиондогон сомдор шаарды көрктөндүрүүгө жумшалбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тармактык комитеттин жыйынында айтып чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, шаардыктар айлык акыларынан экология үчүн деп төлөп жаткан каражаттардын жалпы көлөмү жылына 100 млн сомго чамалайт.

"Мына баарыбыз айлыктан төлөйбүз. Тилекке каршы, канча жылдан бери шаарга бир да тыйын беришкен жок. Жада калса бир көчөт отургузулбады. Шаар үчүн эч нерсе жазабайсыңар. Мэрияга айтканыңар менен, министрлик тараптан таптакыр жардам жок. Жылына 100 млн сомдон чогултуп жатасыңар. Токтом аткарылбады”, ― деди Абиров.

Жыйынга чакыртылган Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков ал акчалар республикалык казынага түшөрүн айтты.

Ошондой эле Абиров министрдин орун басарына кайрылып, комитеттин жыйына келип жаткандан кийин, маселени чечүү жолдорун сунуштоого чакырды. Андан тышкары, ал экологияны жакшыртуу үчүн көчөт отургузуу менен гана маселе чечилип калбастыгын айтып, ал үчүн ирригация системасын калыбына келтирүү керектигин жана мамлекеттик объектилерди тез арада газдаштыруу зарыл экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Бишкек шаарындагы абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жогорку Кеӊештин 2021-жылдын 31-мартындагы №4490-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу маселе каралды.

Тэги: экология мамлекттик объектилер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть