Абылгазиев: Элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырдык

16.06.2020, 15:15 Акчабар
Абылгазиев: Элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырдык

Биздин Өкмөт 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди.



«Ошондой эле биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, андан тышкары антикризистик бюджетти бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук., ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сом болсо, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же өсүш 114 млрд сомго көбөйдү (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон», - деп билдирди экс премьер-министр.

Тэги: Абылгазиев эл

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть