Аймактарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруу керек – вице-премьер-министр

29.07.2020, 15:30 Акчабар
Аймактарды санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруу керек – вице-премьер-министр

Учурда түзүлгөн шартта өзгөчө көңүлдү аймактарды, анын ичинде билим берүү, калкка электрондук тейлөө көрсөтүү тармагын санариптештирүүгө, мамлекеттик органдар, калк жана бизнес ортосундагы электрондук өз-ара аракеттешүүнү өнүктүрүүгө буруу зарыл. Бул тууралуу штабдын отурумунда вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдирди, деп айтылат өкмөттүн расмий сайтында.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков белгилегендей, пандемия жана убактылуу аралыктан окутуу режиминин шартында, өзгөчө көңүлдү контенттик бөлүккө жана аймактардын жогорку ылдамдыктагы интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоого буруу керек, анткени, интернеттин төмөнкү ылдамдыгына байланыштуу окуучулар окуу материалдарын толук кандуу өздөштүрө албай калууда.

«Биздин милдет – аралыктан окутуу үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү болуп саналат. Биргелешкен күч-аракет аркылуу биз коронавирус инфекциясын жеңе алабыз жана биздин балдар мектеп парталарына отуруп билим ала башташат деп ишенем», - деди ал.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдиргендей, «Санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу алкагында өлкөнүн бардык аймактарында «Санарип Аймак» долбоорун ишке ашыруу боюнча ири иш-чаралар жүрүүдө.

«2020-жылдын март айында 8 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында пилоттоштуруу жүргөн. «INFODOCS» электрондук документ жүргүзүү жана «e-Kyzmat» адам ресурсун башкаруу тутумун ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча «Түндүк» электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун каражаты боюнча болжол менен 51 млн транзакция өткөрүлгөн», - деди ал.

Тэги: аймактарды санариптештирүү пандемия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть