Президент финансы институттарынын өкүлдөрү менен жолукту

24.03.2021, 16:15 Акчабар
Президент финансы институттарынын өкүлдөрү менен жолукту

2020-жылы «Айыл Банк» ААКсы тарабынан 12,8 миллиард сомго 52 043 насыя берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 779 миллион сомго же 6,5%га көп. Анын ичинен 10,3 млрд сом же 80,4% өлкөнүн облустарындагы долбоорлорду каржылоого багытталган. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК жана «Кепилдик Фонду» ААКтын башкарма төрагалары менен болгон жолугушууда маалым болду.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы «РСК Банк» ААКсы жалпы көлөмү 11,6 миллиард сомдон ашык суммага 10 601 насыя берген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго же 37,9%га көп. Аймактарда берилген насыялардын үлүшү жогорулап, алар 9 206ны же жалпы кредиттердин 86,8%ын түзгөн. 2020-жылы «Кепилдик фонду» ААКсы тарабынан 1 миллиард сомдон ашык суммага 1865 кепилдик берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 101 миллион сомго же 11,1%га көп. Берилген кепилдиктердин саны 2019-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп болгон.

Каржылоонун көпчүлүк бөлүгү айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорго жумшалган.

Жолугушууда президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 8-февралында жарыяланган «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында финансы рыногун өнүктүрүүнүн жана санариптештирүү процессин тездетүүнүн, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн, санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө өзгөчө маани берди.

Тэги: РСК Банк Кепилдик фонд Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть