«Айыл чарбасын каржылоо-8» долбоорунун алкагында, банктарды каржылоо үчүн 4-июнда аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат.
Алдын-ала берилген маалымат боюнча, аукционго 2 млрд сом жайгаштыруу пландалууда. 20 млн сомдон 450 млн сомго чейин каржыланат. Пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченине жараша аукцион өткөрүү учурунда коюлат.