«Коопсуз шаар»: 900 миң жол эреже бузуу катталып, 573 млн сом айыппул төлөнгөн

27.12.2019, 09:35 Акчабар
«Коопсуз шаар»: 900 миң жол эреже бузуу катталып, 573 млн сом айыппул төлөнгөн

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 24-декабрга чейин 896 миң 283 жол эреже бузуулары катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктан белгилешкендей, ал жол эрежелердин 479 миң 329у боюнча айыппулдар төлөнүп, ал 572 млн 564 миң 635 сомду түзгөн.

«Бишкек шаары жана Чүй облусунун «Коопсуз шаар» камералары орнотулган жерлеринде жол кырсыктарынын азайганы байкалат. Алсак, Бишкек шаарында жалпы жол кырсыктарынын саны 40 пайызга (115тен 69га) төмөндөп, каза болгондор жок. Жаракат алгандардын саны 38,3 пайызга (146дан 90го) азайган. Ал эми Чүй облусунун аймагында жалпы жол кырсыктарынын саны 50,0 пайызга (4төн 2 ге) азайып, каза болгондор – 1 (1), жаракат алгандардын саны 50 пайызга (6 дан 3кө) азайган», - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, айдоочуларды жана жөө адамдарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырат.

Тэги: Айып пул коопсуз шаар эреже бузуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть