«Айыл Банктын» үч жооптуу кызматкери коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө

10.02.2022, 11:45 Акчабар
«Айыл Банктын» үч жооптуу кызматкери коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө

Жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында “кредиттик каражаттарды максатсыз чыгарып, мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирген” деген шек менен “Айыл банктын” бир катар жооптуу кызматкерлери кармалды,- деп билдирет УКМКнын маалымат кызматынан.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталууда.

2017-жылы “Айыл Банкт” ААКсы “Россиф” ЖЧК жеке ишканасына мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен 3,5 млн доллар (295,7 млн сом) өлчөмүндө насыя берилген.

“Аталган жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан банкка күрөөгө койгон 348,5 млн сомдук мүлк Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 млн сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 млн сом болгону аныкталды”,- деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде, 8-февралда УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын лоббирлөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн “Айыл Банктын” үч кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

Тэги: УКМК. коррупция фактысы Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть