“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна бюджеттен 474 млн сом каралды

31.01.2022, 17:25 Акчабар
“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна бюджеттен 474 млн сом каралды

Үстүбүздөгү жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбооруна республикалык бюджеттен 474 млн сом каралды. Бул тууралуу Айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор 12-январда министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.

“Долбоорду ишке ашыруу үчүн жылына республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп турат. Быйыл 474 млн сом каралды. Ал эми фермерлерге бериле турган насыялардын жалпы суммасы 4-5 млрд сомго жетет. Насыя 5 жылга чейин, мал чарбасы менен алектенгендерге 3 жылга чейин берилет”,- деди Алишеров.

Ошондой эле ал өткөн жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорунда насыянын пайыздык чени 6-10 болсо, быйыл 6 пайыз менен насыя берилерин белгиледи.

“Мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү менен алектенгендерге мурун 150 миңден 1 млн сомго чейин насыя берилсе, быйыл 300 миңден 3 млн сомго (күрөөсүз) көбөйтүлдү. Тамак-аш жана өнөр жай ишканаларына өткөн жылы 1 млн сомдон 15 млн сомго чейин болсо, эми 500 миңден 20 млн сомго жогорулатылды”, - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, “Айыл чарбасын каржылоо” долбоору 2013-жылдан бери иштеп келип, насыялоонун жалпы каржылоосу 47 млрд сомго жетти. Насыя алгандардын саны 110 миңден ашат.

Долбоордун максаты 2022-жылы айыл чарбасынын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү үчүн жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду Финансы министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Улуттук банк ишке ашырууга катышкан коммерциялык банктар жооптуу аткаруучулар болуп эсептелинет

Ал эми өткөн жылы “Айыл Банк” ААК банк тарабынан 4,5 миң кишиге 2 млрд 300 млн сомго насыя берилсе, “РСК Банк” ААКтын 3 миң 860 жаранга 2 млрд 300 млн сомго насыя берилген.

Тэги: Айыл чарба министрлиги Айыл Банк РСК Банк Айыл-чарбасын кардылоо-10

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть