«Ак-Ордо» конушунда 123 млн сомго бала бакча курулат

01.04.2021, 13:50 Акчабар
«Ак-Ордо» конушунда 123 млн сомго бала бакча курулат

Бишкек мэриясы «Ак-Ордо» жаңы конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишине жаңы бала бакча курууга сынак жарыяланды.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 орунга ылайыкташкан. Долбоордук-сметалык документтер толук бүткөн.

«Бул эки кабаттуу имарат болот, биринчи кабатында оюн, тамактануу, бөлүштүрүү ашканасы, уктоочу, санузел, техникалык, кабыл алуу жана медициналык бөлмөлөр болот. Экинчи кабатында педагогдор бөлмөсү, музыкалык+гимнастикалык зал, ойноо, ашкана, кабыл алуу, санузел, буюм-тайым сактоо бөлмөлөрү жана техникалык жай орун алат», - деп айтылат маалыматта.

Такталгандай, тендер Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча өтөт. Жаңы мектепке чейинки уюмдун сметалык баасы 123 млн 119 миң 893 сомду түзөт. Шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Тэги: бала бакча тендер млн сом

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть