Кыргызстандын акча алмаштыруучу жайларында жана коммерциялык банктарда доллар 79.6 сом менен сатылып жатат. 23-марттан бери курс 1.4 % жогорулаган.
Эске сала кетсек, АКШ долларынын официалдуу курсу КР УБ 24-мартка карата 77.6 сомду түзгөн.
Рубль 1.04 - 1.07 сом менен сатылууда. Бирок, кээ бир акча алмаштыруучу жайларда рубль 0.98 сом менен сатылып жатат.