АКШ коронавируска каршы вакцина канча турарын айтты

29.07.2020, 13:30 Акчабар
АКШ коронавируска каршы вакцина канча турарын айтты

Америкалык Moderna биотехнологиялык ишканасы өзүнүн коронавируска каршы иштеп чыккан вакцинасына болгон бааны эмдөөнүн бир курсу үчүн 50-60 доллардын деңгээлинде дайындоону көздөөдө. Бул вакцинанын бир дозасы 25-30 долларды түзөт дегенди билдирет. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып, ТАСС жазып чыкты.

Маалыматка караганда, бул баа АКШ жана калкынын кирешеси жогору өлкөлөргө багытталган.

Ал эми коронавирустан вакцинаны иштеп чыгып жаткан башка ишканалар бааны мындан арзан коюууну пландоодо. Муну менен, мурунку жумада АКШ менен 100 млн доза өлчөмүндөгү ташуулар тууралуу келишим түзгөн америкалык Pfizer ишканасы менен германиялык BioNTtech ишканасы вакцинанын бир дозасын 19.5 долларга, ал эми британиялык-швециялык AstraZeneca 3-4 долларга баалаган.

Тэги: Дүйнөлүк банк коронавирус фонд вакцина баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть