АКШнын президенти Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

21.01.2021, 10:00 Акчабар
АКШнын президенти Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды

АКШнын президенти Жо Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн жокко чыгарды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койгон.

«Биз Кыргызстандын өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү», - деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен кошумчалашкандай, жаңы кыргыз электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы, Кыргызстанда да жана ошондой эле дүйнө жүзүндө да, бардыгыбыздын жашообузду көбүрөөк коопсуз кылмакчы.

COVID-19 пандемиясынын шартында, дүйнө жүзүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтеринде виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтына кайрылууга болот.

«Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат», - деп айтылат билдирүүдө.

Тэги: АКШ президент Жо Байден

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть