Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору пара алууга шектелип кармалды

22.04.2022, 15:08 Акчабар
Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору пара алууга шектелип кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук өнүктүрүү фондунун директору А.С.К. Кыргызстандын К.Ж.К. аттуу жаранынан жарандык ишти кароого кайра кайтаруу жана анын пайдасына жаңы чечим чыгартып берүү үчүн 35 миң доллар талап кылганы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган райондук өнүктүрүү фондунун директору бул маселени чечүү үчүн буга чейин К.Ж.К.дан 97,5 миң доллар өлчөмүндө накталай акча каражатын алган. Ошол эле учурда А.С.К., мурда берилген акча каражаттарын алган, андан соң сот системасынын жогорку кызмат адамдарына шилтеме жасап, дагы кошумча 35 миң доллар талап кылган.

21-апрелде А.С.К. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: райондук өнүктүрүү фонду Опузалап пара алуу УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть