Жек Ма Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам жөнөттү

01.05.2020, 13:45 Акчабар
Жек Ма Кыргызстанга экинчи ирет гуманитардык жардам жөнөттү

«Алибаба» жана «Джек Ма» фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардамдын экинчи партиясын беришти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 30-апрель күнү, Бишкекке Кытай Эл Республикасынан ПЧР-тест жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар түрүндө гумжардамдын экинчи партиясы келген.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде аталган фонддор тарабынан коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде гуманитардык жардам келген болчу.

КР ТИМ аталган фонддорго жана алардын жетекчиси Жек Мага көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

«КР президентинин тапшырасы боюнча жана Коопсуздук кеңеши менен Республикалык штабдын чечимдерине ылайык, ТИМ тарабынан өлкөгө медициналык коргоочу каражаттар түрүндө гуманитардык жардамдарды тартуу боюнча учурда иштер жүргүзүлүп жатат», - деп кошумчалашты ТИМдин басма сөз кызматынан.

Тэги: фонд жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть