2020-жылы 1.8 млн тонна эгин жыйналган
Кыргызстандын фермерлери 2020-жылы дээрлик 1.8 млн тонна эгин жыйнашкан. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Комиссиянын берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда – 663.2 миң тонна буудай, 534,7 миң тонна - арпа жана 496,6 миң тонна - жүгөрү жыйнашкан.
Өлкөнүн фермерлери 992.5 миң тонна картошка, 958.6 миң тонна - жер-жемиш жыйналган.