10 жылдык Мамлекеттик баалуу кагаздардын көлөмү 240 млн сомду түздү

21 декабря 2020, 17:20

10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздарды кошумча жайгаштыруу 240 млн сомду түздү. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалат.

11-декабрда өткөн аукциондун жыйынтыгында 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешеси 10.5% түзгөн.

Кошумчалай кетсек, 18-декабрда өтө туруучу 7 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион талаптын жоктугунан улам өткөн эмес.