108 миң 48 балага «‎Балага сүйүнчү» төлөнүп берилген

9 октября 2020, 10:05

2020-жылдын 1-октябрына карата 108 миң 48 балага, бир жолу төлөнүүчү «‎Балага сүйүнчү» берилген. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга республикалык бюджеттен 400 млн сомдон ашык каражат сарпталган. Министрликтин маалыматына ылайык ушул жылы үч эм төрөлгөн 9 үй-бүлө кайрылган. Алардын ар бир баласына 50 миң сомдон төлөнүп берилген.