17 миң доллар жасалма акча сатып жаткан жаран кармалды

4 марта 2021, 09:45

17 миң доллар жасалма акчаны сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош жана Жалал-Абад облусунун аймагында жасалма АКШ долларын сатуу менен алектенип келген 1986-жылы туулган А.А. аттуу адам кармалды.

Жасалма акча каражаттарын даярдоонун сапаты менен деңгээли өтө жогору жана болжолдуу маалымат боюнча жакынкы мамлекеттердин биринен алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн бул кылмыш ишине тиешеси барларды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүруп жатат.