2 ай ичинде 30,2 миң тонна эт өндүрүлдү

17 февраля 2021, 16:00

Быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын отчету боюнча, республиканын бардык категориядагы чарбакерлери тарабынан 30,2 миң тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Тактап айтканда, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эт бир пайызга көп өндүрүлдү. Ал малдын көбөйүшү менен байланыштуу, бирок чочко жана үй канаттууларынан тышкары.

Белгилей кетчү нерсе, 2021-жылдын январь айында республиканын бардык облустарында эт көбүрөөк өндүрүлгөн.