Улуттук банк 200 млн сомго мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырат
12-февралда 2 жылдык Мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Эмиссиянын жалпы суммасы 200 млн сомду түзөт.
Кошумчалай кетсек, купондук чен 5% түзөт.