2019  -жылы коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү 151 млрд сомго чейин өскөн

3 февраля 2020, 13:48

2019 - жылдын аягына карата коммерциялык банктардын депозиттик базасынын көлөмү 151 млрд сомду түзүп, жыл башынан бери 13,4 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтарында айтылат.

Жогорулоо улуттук валютадагы депозиттердин көлөмүнүн өсүшүнүн арты менен болгон, ал 25 пайызды түзүп, 93,3 млрд сомго чейин жеткен, бирок чет элдик валютадагы депозиттердин көлөмү 1,4 пайызга төмөндөп, сом эквиваленти менен 57,7 млрдга азайган. Алдын ала маалыматтарга карата, 2019 - жылдын январь - декабрь айларындагы улуттук валютадагы депозиттер боюнча кайра кабыл алынган орточо эсептелген пайыздык ставкалар боюнча 1,54 пайызды түзүп, 2018 - жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырмалуу 0,88 пайызга азайган. Ал эми чет элдик валютадагы салымдар боюнча көрсөткүч 0,25 пайызды түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 0,11 пайызга төмөндөгөн.