Былтыр бюджетте салык толук чогулбай калган

9 февраля 2021, 12:55

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу салыктарды жыйноо боюнча план аткарылбай калганын билдирди.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Мамытов билдиргендей, 2019-жылга салыштырмалуу ички комушча бааларга жыйымдар боюнча 99,4%га, импортко жыйымдар 93,6%га аткарылбай калган.

«Негизинен аткарылбай калган жыйымдар жергиликтүү бюджетте болгон, ага чындыгында эле пандемия таасир этти. Анткени, карантин учурунда базарлар жана дүкөндөр иштебей, бул патент жана салык салууга өзүнүн таасирин тийгизген»,- деди ал.