2020-жылдын I кварталында калктын номиналдык кирешеси 112,4 млрд сомду түзгөн

19 августа 2020, 10:15

2020-жылдын алгачкы үч айында калктын номиналдык акчалай кирешеси 112,4 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына караганда 4%га көп болгон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Статистика комитети билдиргендей, калктын акчалай кирешесинин негизги булагы эмгек ишмердүүлүгү болгон. Ага кирешелердин 71%ы туура келген.

«2020-жылдын алгачкы үч айында калктын реалдуу акчалай кирешеси 107,6 млрд сомду түзүп, былтыркы жылдын үч айына салыштырмалуу 0,3%га азайган», - деп билдирет Статистика комитети.