2020-жылы акча которуунун таза агымы 2 пайызга жогорулаган

24 февраля 2021, 12:45

2020-жылдын жыйынтыгында Кыргызстанга акча которуунун таза агымы 2 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө экономикасы кармалып турган ыргакта калыбына келүүдө.

«Өндүрүш көлөмүнүн төмөндөшү өлкөнүн бардык негизги секторлорунда сакталып турат. Ички талапта эч кандай жандануу жок, бирок өлкөгө акча которуулардын агылып кирүүсү боюнча алгылыктуу динамика ички талапты жандандыруу факторлорунун биринен болгон. 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын өлкөгө акча каражатын которуунун таза агылып кирүүсү 2,0 пайызга жогорулап, 1,9 млрд АКШ долларын түзгөн», - деп айтылат маалыматта.