2020-жылы кыргызстандыктардын электр энергияга болгон талабы төмөндөгөн

7 сентября 2020, 10:31

Кыргызстандын Улуттук электр станциялардын берген маалыматына ылайык, электр энергияга болгон талаптын көлөмү 3% төмөндөгөн.

Борбордук диспетчердик кызматтын оперативдүү берген маалыматына ылайык, 2020-жылдын август айында кыргыз энергосиистемасына болгон талаптын көлөмү 849 млн 493 миң киловатт-саатты түзгөн.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде электр энергияга болгон талап саатына 876 млн 263 миң киловатты түзгөн.