2020-жылы ЕАЭБде өндүрүш тармагы 2.6% төмөндөгөн

10 ноября 2020, 10:15

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ЕАЭБдеги өнөр-жай өндүрүштүн көлөмү 747.5 млрд долларды түзгөн. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 2.6% төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.

Комиссиянын берген маалыматына ылайык, өндүрүштүн басымдуу бөлүгүн иштетүү тармагы ээлейт. Жалпы көлөмү - 502.6 млрд долларды түзөт. Тоо-кен тармагы 167.3 млрд долларды түзөт. Бул тармактын көрсөткүчү 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5.9% төмөндөгөн.

Электр, газ берүү, буу жана кондиционер өндүрүү 63.7 млрд долларды түзгөн. Суу менен камсыздоо, канализация тутуму, таштандыларды чогултууну жана бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө 13,7 миллиард долларды түздү.