2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды

2 февраля 2022, 18:00

Кыргызстанда 2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Жарлыкка климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы" деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

Учурда президент Садыр Жапаровдун Нью-Йорктогу БУУнун Башкы Ассамблеясында жана Глазгодо өткөн Климат боюнча лидерлеринин саммитиндеги билдирүүсүндө айтылган Кыргыз Республикасынын бир катар башка демилгелерин илгерилетүү боюнча маселелер иштелип чыгууда.