21-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданат

21 сентября 2020, 09:25

2020-жылдын 21-сентябрынан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын аймагында коронавирус инфекциясын алып келүү жана жайылышын алдын алуу боюнча Ыкчам штабдын чечими менен 2020-жылдын 21-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда авиакаттамдар дайыма жүргүзүлө баштайт.

Алгачкы этапта Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар дайыма «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан ар бир жума күнү учат.