21 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон компенсация төлөндү

11 сентября 2020, 13:00

Компенсациялык төлөмдөр тууралуу Республикалык штаб маалымат таратты.



«Бүгүнкү күндө медициналык кызматкерлерге жана коронавирус илдетинен каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсациялык төлөмдөр уланып жатат. Ошентип, 11-сентябрга карата 144 медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон жана 21 үй-бүлөгө ар бирине 1 миллион сомдон төлөндү», - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова.

Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, эпидемиялык очокто кызмат учурунда турган COVID-19 оорусун жуктурган медицина кызматкерлери жана инфекциянын кесепетинен каза болгон медициналык кызматкерлердин үй-бүлөлөрү бир жолку компенсация алууга укуктуу.